Биз менен байланышыңыз

Мектепке электрондук түрдө кезекке туруу системасы үчүн 6,5 миллион сом керектелет

Кыска кабар | 13 Окт 2018 | 1003 | 0

Балдарды мектепке каттоо электрондук программасын иштеп чыгууга 6,5 миллион сом коротулат. Бул туурасында мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды.

Анда айтылгандай аталган система балдарды мектепке кабыл алуудагы ачык айкындуулук үчүн иштелип чыгат. Жумушту аткаруучу компания ушул багытта экиден кем эмес келишимдин негизинде буга чейин иштеген болуш керек жана каражат 6 миллион сомдон ашпаш керек.

Жеңүүчү тарап биринчи веб-форманы(скрин) түзүп, андан соң аны Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашышы зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM