2018-жылдын 1-январынан 5-октябрына чейин бажы кызматында 50 кызматкер кызматынан бошотулган.
Мекеменин берген маалыматына ылайык, алардын 9 өз арызы менен, 9 жаш курагына байланыштуу, 18 кызматтык мөөнөткө, 3 өлүмүнө байланыштуу кызматтан кеткен. Ал эми 8 кызматкер жүргүзүлгөн иш-чараларга, 3 кызматкер кызматтык дисциплинаны бузгандыгы үчүн бошотулган.