Биз менен байланышыңыз

Орус футболчулары камакка алынды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Окт 2018 | 795 | 0

Орусиянын футболчулары Александр Кокорин (Зенит) менен Павел Мамаев (Краснодар) Москванын Тверь соту тарабынан эки айга камакка алынышты. Бул тууралуу Москва полициясы кабарлады.

Кокорин менен Мамаевге “бейбаштык” беренеси боюнча айып тагылып, сот аларды 8-декабрга чейин убактылуу камоо жайында калтырды.

Тверь соту аталган футболчулардын коомдо жүрүм-турум эрежелерин бузуп, өзгөчө уятсыз жоруктарга барганын тастыктады.

Эске сала кетсек, футболчулар Кокорин менен Мамаев борбордогу кафелердин биринде достугунун 10 жылдыгын белгилеп жатып, орусиялык эки чиновникти сабап коюшкан. Андан бир сааттай мурун мейманкананын алдында автоунаанын айдоочусун да сабап коюшканы видео көзөмөлгө түшүп калган.

Бул жаңжалдарга эки спортчудан  башка дагы бир топ киши катышкан. Арасында Кокориндин бир тууган иниси Кирил да бар. Калган катышуучулардын кимдиги такталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM