Биз менен байланышыңыз

Нурбаев: Бир долбоорду ишке ашыра албаган өкмөттүн кереги жок

Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 849 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыра албаган өкмөттүн керекги барбы? Мындай суроону парламенттин жалпы жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев берди.

Анын айтымында, Кыргызстанда жети жылдан бери «Коопсуз шаар» долбоору ишке ашырылбай келет. Акыркы жолу өткөн аукциондун жыйынтыгы да  жокко чыгарылды. Бул аталган долбоорду создуктуруп, ишке ашырбоо аракетин түшүндүрүүдө. Өкмөттү парламенттин жыйынына чакырып, себептерин угуу керек.  Адамдын коопсуздугу баардык нерседен биринчи орунда туруусу зарыл.

Эске салсак, мамлекеттик сатып алуулар департаментиндеги арыздар боюнча түзүлгөн комиссия долбоорду ишке ашыруу үчүн тандалган «Вега» компаниясынын иш тажрыйбасы жок деп бүтүм чыгарган.  Анткени ал ишкана “Коопсуз шаар” долбоорлорун ишке ашырып, 9 миллион долларды өздөштүрө алары жөнүндөгү далил документтерин көрсөтө алган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM