Биз менен байланышыңыз

Органикалык продукциянын түшүмүн көтөрүү үчүн программа иштелип чыкты

Экономика | 10 Окт 2018 | 1591 | 0

Кыргызстандагы органикалык өсүмдүктөрдүн түшүмүн көбөйтүү керек. Анткени дүйнөдө органикалык продукция өтө жогору бааланат.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги Кыргызстандын органикалык продукциясынын түшүмдүүлүгүн көтөрүү үчүн программа иштеп чыкты. Анда органикалык өсүмдүк өсө турган жерден тартып, даяр продукцияга чейинки иш процесси камтылган. Бул ыкма менен атамекендик органикалык продукцияны дүйнөгө таанытуу болуп саналат. Программа негизги алты багытты камтыйт. Алгач органикалык жерлердин реестрин түзүү каралганын аталган агенттиктин жетекчисинин орун басары Сыргак Кенжебаев айтты.

Программа мамлекет тарабынан кабыл алынгандан кийин, бардык шарттар түзүлөт. Ар бир райондук борбордо, облустарда органикалык продукциянын баары жеткиликтүү болот. Ал үчүн биз жеткиликтүү шарттарды түзүп берели деп жатабыз. Керек десе продукцияны учактар менен ташуу жагы дагы жолго коюлду. Эми 1-мартка чейин органикалык продуктунун баары бекитилет.

Бул жол менен түшүмдүүлүктү жок эле дегенде 5-10 эсеге чейин көтөрүүгө болот. Ошол эле кезде анын наркын дагы көтөрүлүүсүн шарттайт. Бүгүнкү күнү «органикалык»  деген статусу бар продукцияларга дүйнөдө талап  жогору.

Мындан улам Кыргызстандын айдоо талааларына атайын изилдөөлөрдү жүргүзүү демилгеленүүдө. Өлкөнүн бул багыттагы потенциалын көрүүгө жана органикалык продукцияны чыгаруу багытында кызматташуу үчүн Кыргызстанга алдыңкы компаниялар келди. Бирден-бир артыкчылык, өлкөдө завод-фабрикалардын жоктугунда болууда. Кытайдан келген CCIC компаниясы дүйнөдө биринчилерден болуп органикалык стандарттарды иштеп чыккан. 1984-жылдан бери дүйнөнүн бир канча өлкөсүндө атайын изилдөөлөрдү өткөрүшкөн. Бул жолу Кыргызстандын айдоо аянттарына кызыгуусу артып жатат.

Дүйнөдө климаттын өзгөрүп жатканы бизди эбак эле ойлонто баштаган. Анткени изилдөөлөргө караганда алдыңкы жылдары завод-фабрикалар табиятты талкалай турганы айтылган. Ушундан улам биз дагы органикалык продукцияларды өндүрүү керек деген чечимге келгенбиз. Ал үчүн 2005-жылы эл аралык стандартты иштеп чыктык. Бирок азырынча дүйнөдө органикалык азык-түлүктү чыгаруу боюнча Австралия биринчи орунда келатат. Керектөө боюнча Кытай менен Америка алдыңкы орунда. Ошондуктан Кыргызстан дагы бул мүмкүнчүлүгүн колдонуп калышы керек. Биз колубуздан келген жардамды беребиз.  

Швейцариянын «Syngenta» компаниясы 2030-жылы жер шарында калктын саны 6 млрдга жетерин айтып, табият ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат. Эң натыйжалуу кадам бул органикалык мөмө-жемиштер менен тамактануу. Мындай ыкма менен жер аянтын үнөмдөп калууга дагы болот деп, атайын изилдөөсүн жарыялады.

2030-жылы жер шарындагы калктын саны 8млрдга жетет. Өзүңүздөр жакшы билгендей, 50-жылдары 1 га жер 2 кишиге деп каралчу. Азыр 1 га жер 4 кишиге деп эсептелип калды. 30-жылы ошол эле аянт 5 кишиге каралат. Демек жылдан-жылга жер үлүшүнүн саны кыскарат. Ошондуктан биз жерди максмиалдуу үнөмдүү жана эффективдүү колдонууга өтүшүбүз керек. Анын бирден бир жолу органикалык азыктар менен тамактанууга өтүү. Себеби  окумуштуулардын айтымында, 2050-жылы калктын саны 10 млрдга чамалайт.

 Ушундан улам премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дүйнөдөгү алдыңкы компанияларды  Кыргызстан менен кызматташууга чакырды. Буга түрткү бере турган  бир канча жагымдуу шарттарды санап, органикалык продукциянын келечеги кирешелүү экенин белгиледи.

Кыргызстан уникалдуу өлкө. Топурагы, суусу жана абасы таза мамлекет. Биздин эл жана дыйкандар өтө эмгекчил келет. Өз алдынчалыкка үйрөнгөн жана өз жерине өтө этияттык менен мамиле кылганды билет. Бул экологиялык жактан таза айыл-чарба продукциясынын өнүгүшүнүн кепилдиги болуп берет деп ишенем. Биз органикалык продукциянын алдыдагы келечегин көрүп турабыз.  Анткени дүйнөдө экологиялык жактан таза продукцияга суроо талап жогору болуп жатат. Ошондуктан биз дагы ушул саясат менен ишибизди улантабыз.

Эми Кыргызстанга келген компаниялар 2-3 ай аралыгында изилдөөлөрдү жүргүзөт жана кызматташуу тууралуу пикирлерин билдирет.

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM