Монголия жылына 20 миң боз үйдү экспорттоону көздөп жатат. Мындай пикирди монгол боз үй өндүрүүчүлөр ассоциациясы билдирген. Бул тууралуу Montsame маалымат агенттиги жазды.
Ассоциянын жетекчисинин айтымында, Монголияда жылына 2 миңден ашуун боз үй экспорттолуп, 6 миңге жакыны өлкө ичинде пайдаланылат.
Өндүрүүчүлөр аны жасоодо заманбап технологияны, түрдүү инновациялык материалдарды колдонууну көздөп жатышат.