Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош жолунда тоннелден өтүү акысы автоматташтырылган система менен жүргүзүлүүдө

Кыска кабар | 10 Окт 2018 | 561 | 0

Бишкек-Ош жолунда 10-сентябрдан тарта “Сосновка” жана 22-сентябрдан бери “Каракөл” көзөмөл өткөрүү пунктунда тоннелден өтүү акысы автоматташтырылган система менен алына баштады.

Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бул системанын иштеши менен Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов 5-октябрда таанышып чыкты. Транспорттук каражаттардан көлөмүнө жараша акы алган автоматташтырылган система Кыргызстанда алгачкы ирет киргизилүүдө.

Долбоор мамлекеттик “Таза коом” программасынын алкагында ишке ашкан. Бул системанын негизги максаты паракорчулукка жол бербөө, акчанын бюджетке түшүшүн камсыздоо, төлөө иштерин жеңилдетүү болуп эсептелет.

Айта кетчү нерсе, система транспорттук каражаттардын номурларын таанып, акыны банктык карта менен төлөөгө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM