Биз менен байланышыңыз

Турганбаев: «Коопсуз шаарды» Кыргызстан гана жасай алат

Пикирлер | 10 Окт 2018 | 600 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорун Өкмөт өз күчү менен ишке ашырып койсо болмок. Мындай пикирин мурдагы Ички иштер министри Мелис Турганбаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө мыкты IT адистер көп. «Коопсуз шаарды» Кыргызстан өз күчү менен гана жасай алат.

«Биринчи камераларды койгондо эле айып пулдар жарандардын үйүнө келип баштаган. Ошондуктан өз аракетибиз менен кылсак болмок. Биз аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн убагында экс-президент Алмазбек Атамбаевден 9 млн сом гана сураганбыз. Бир кварталды камера менен камсыз кылсак андан түшкөн каражатка башка аймактарга да камера орнотмокпуз. Бул долбоорду жарандык коом жасай албайт», — дейт Турганбаев.

Ал аталган долбоорду Ички иштер министрлиги ишке ашыра аларын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM