Биз менен байланышыңыз

Сириядагы “куралсыздандырылган аймактан” оор аскердик куралдар чыгарылды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Окт 2018 | 793 | 0

Сириянын Идлиб шаарында түзулгөн буфердик аймактан оппозициялык топтордун колундагы оор аскердик куралдар чыгарылды. Бул тууралуу РИА новости сириялык Al Watan басылмасынын маалыматына таянып жазып чыкты.

17-сентябрдагы Түркия менен Орусиянын жетекчилигинин макулдашуусу боюнча Идлибде түзүлгөн буфердик аймактан оор согуштук куралдар 10-октябрга чейин чыгарылып бүттү. Бул ишти көзөмөлгө алган түрк аскердик базасы муну тастыктады. Макулдашуудан бери карай аймактагы “Хайат Тахрир аш-Шам” жана “Жабхат ан-Нусра” оппозициялык топтору менен активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп, Түркия тарап аларды террордук деп атабоосу үчүн аталган топтор өздөрүнүн жихаддык идеологиясын өзгөртүүсү керектиги айтылган.

Сириянын президенти Башар Асад куралсыздандыруу убактылуу гана чечим экенин айтып, эртеби-кечпи бул аймак борбордук бийликтин карамагына өтөрүн билдирди.

Эми кийинки кадам 3 миллион калкы бар Идлиб шаарына мамлекеттик түзүмдөрдү киргизип, өз кызматтарын аткаруусун камсыздоо болмокчу. Ошондой эле шаарда соода-сатык жана коомдук мамилелердин туруктуулугун камсыздоо да маанилүү максаттардан болуп турат.

Сириянын Тышкы иштер министри Халид Муаллам аймактагы экстремисттик күчтөр декабрга чейин оор жана орто согуштук куралдарын тапшыруусун талап кылды. Ал эми чет элдик жалданма жоокерлер өлкөгө кандай жол менен келсе ошондой кайтып кетүүлөрүн эскертти.

Кошумчалай кетсек, Идлиб-Сириядагы жарандык согушта оппозициялык күчтөрдүн колунда калган эң акыркы аймак. Ал жерде мээлүүн оппозиция менен бирге экстремисттик уюмдар да жайгашкан. Түрк тарап согушта оппозициялык күчтөрдү колдогон үчүн алар менен жогорудагы кадамдарды жасоо милдетин өзүнө алган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM