Биз менен байланышыңыз

Кулжанова: Пенсиянын базалык бөлүгү 100 сомго көбөйдү

Пикирлер | 10 Окт 2018 | 712 | 0

1780 сом өлчөмүндө белгиленген пенсиянын базалык бөлүгү 100 сомго көбөйдү. Бул тууралуу Социалдык фонддун пенсиялык тарифтик саясат башкармалыгынын башчысы Жылдыз Кулжанова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, пенсионерлердин жашоо денгээлин колдоо максатында пенсиялар индексацияланган. Ага ылайык, жашоо минимумунан төмөн пенсиялар 7 пайызга көтөрүлгөн.

«Пенсионерлердин 38%, же болбосо 246 миң пенсионер үчүн индексация жүрдү.  Жалпы өлчөмү 4393 сомдон ашпаган пенсияларга 250 сом кошулду. Мындан көп пенсия алгандардын пенсиясы 370 сомго көбөйдү», — дейт Кулжанова.

Маалым болгондой, айрым пенсионерлер үчүн төмөн индексация болуп калган. Бирок аларга дагы 250 сомдон кем эмес каражат кошулган. Кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча республикадагы пенсиянын орточо өлчөмү 378 сомго көтөрүлүп, 5682 сомдү түзгөн.

Белгилей кетсек, өлкөдө 648 миң пенсионер бар. Ал эми пенсияларды көтөрүүгө бюджеттен жалпы 744,4 млн сом каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM