Биз менен байланышыңыз

Сараңдар акчаны да аз таап, аз балалуу болушат

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Окт 2018 | 1458 | 0

“Сараң жана өзүмчүл кишилер бай болот” деген түшүнүк-жаңылыштык. Тескерисинче, сараңдар аз киреше көрүшөт жана аз тукум уулашат.

Мындай күтүүсүз билдирүүнү Швециянын Стокгольм университетинин профессору Киммо Эриксон жана командасы Psy Post журналына жарыялады. 60 000ден ашуун адам катышкан социалдык изилдөөдөн кийин окмуштуулар “Берешен жана кайрымдуу адамдар көп киреше көрүп, көп бала-чакалуу да болушат” деген тыянак чыгарышты.

Буга чейин Чикаго университети, Лондондун Сити жана Мичиган университети тарабынан жүргүзулгөн социалдык сурамжылоо жана изилдөөнүн негизинде чыгарылган бул жыйынтык адам баласы үчүн кадимкидей жаңылык болгонун Эриксон айтты.

“Биздин жыйынтык Европа менен Америкадагы коомдун маалыматтарына таянып чыгарылды. Анан дагы,  аша чаппаган берешендер-дүйнөдөгү эң бай кишилер экенин ишенимдүү турдө айта алам”,-деп кошумчалады прфессор.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM