Биз менен байланышыңыз

Япониялыктар 190 өлкөгө визасыз кирет

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Окт 2018 | 1869 | 1

Япониянын паспорту дүйнөдө эң  абройлуу деп табылды. Мындай маалыматты 9-октябрда Henley Passport Index кызматы мамлекеттердин визалык катыштары тууралуу рейтингинде жарыялады.

Япон паспорту дүйнө жүзү боюнча 190 мамлекетке тоскоолдуксуз кире алат. Үстүбүздөгү айдын башында Мьянма мамлекетинин киргизген визасыз режиминен кийин Япония мурдагы “чемпион” Сингапурду басып өттү.

Сингапур 189 багытка эркин жүрө алып, 2-орунда. Ал эми Германия мамлекетинин жарандарына Өзбекстандын берген визасыз кирүү укугунан кийин 188 өлкө менен 3-орунга чыгып, Франция менен Түштүк Кореяны артка таштады.

5-орунда АКШ менен Улуу Британиянын паспорттору 186 өлкөгө эркин кире алышат.

Кошумчалай кетсек, туризмдин жана интергациянын эң маанилүү куралы болгон визасыз мамиле паспорт ээсинин эл аралык аренадагы аброюн да көрсөтөт. Бул багытта дүйнөдө жарыш жүрүүдө. Кыргызстан дүйнөнүн 25 мамлекетине визасыз кирип, мындан сырткары 6 мамлекет менен жеңилдетилген формада виза алууга болот. Бул Henley Passport Indexтин рейтингинде 69-орунду көрсөтөт. Ал эми дүйнөдөгү эң “жолсуз” паспорт Ооганстан таандык. Ал менен 22 гана мамлекетке барууга мүмкүн.

1 пикир

1 пикир

  1. Бакыт

    14.10.2018 09:39

    Адамдар ишеничтүү болбогондугунун белгиси экен. Кээ бирлерибиз башка мамлекетке виза алып, убактысы бүтсө да келбей коюп жатпайбы. Ошолордун себебинен көп мамлекеттер бизге виза да бергиси келбейт. Жалганчы адамдарды эч ким эч жакка киргизгиси эле эмес жолоткусу да келбейт.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM