Биз менен байланышыңыз

Пенсияны кайра эсептөөдө кошумча документ тапшырылбайт

Пикирлер | 10 Окт 2018 | 643 | 0

Пенсиялар иш кагаздардын негизинде кайра эсептелип чыгат. Бул боюнча Социалдык фондго кайрылуунун кереги жок. Мындай маалыматты аталган мекеменин  пенсияны борборлоштуруп чектөө жана кайра эсептөө башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Ашымалиева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, пенсиялардын өлчөмүн Социалдык фонддун кызматкерлери кайра эсептеп чыгат. Ага кошумча документтерди тапшыруунун зарылчылыгы жок.

«Октябрдан тарта пенсиялар көтөрүлдү. Алсак, пенсиянын өлчөмү 3500 сом болсо, ага 350 сом кошулат. Ал эми 12 миң сом алган пенсионер кошумча 370 сом алат. Инфляциянын өсүшү июль айында белгилүү болот. Каражаттар ошого жараша каралат, пенсияларды көтөрүү маселеси октябрь айында көтөрүлөт», — дейт Ашымалиева.

Ал белгилегендей, пенсияга кайра эсептөөлөр жүргүзүлүүдө.

Маалым болгондой, мамлекеттик ишканаларда эмгектенгендер айлык акынын 27,27 пайызын камсыздандыруу төгүмү үчүн төлөйт. Кызматкер анын 10 пайызын, калган бөлүгүн жумуш берүүчү берүүсү шарт.

Камсыздандырууга төлөнгөн акчанын 8% пенсияга төлөнөт. Калган 2 пайызы мамлекеттик топтоо фондуна кетет. Ал каражат пенсиянын бир бөлүгү катары кайтарылып берилет.

Камсыздандырылган адам чет өлкөгө чыгып кетсе, мамлекеттик топтоо фондундагы каражат төлөнүп берилет. Эгер жаран пенсия жашына жетпей кайтыш болсо, акча анын мураскерине өткөрүлөт. Ал үчүн аймактык социалдык фондго арыз жазуусу зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM