Биз менен байланышыңыз

АКШнын БУУдагы өкүлү кызматтан кетет

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Окт 2018 | 673 | 0

АКШнын БУУдагы расмий өкүлү Никки Хейли отставкага кетүү боюнча арызын жазып, аны президент Трамп кабыл алды. Бул тууралуу Дональд Трамп Ак үйдөгү журналисттер менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Арыз кийинки айдан тарта күчүнө кирип, Никки Хейли кызмат ордун бошотот. Анын ордуна келчү өкүлдүн ысымы жакынкы 2-3 аптада аталат.

Президент Хейлинин бул кадамы администрациясы үчүн күтүүсүз болгонун билдирди. Ал Хейли жарым жыл мурда жылдын аягында эс алууну кааларын билдирген болчу. Бул маалыматты Трамп өзү сүйүнчүлөй турганын Твиттерден билдирген жайы бар. Ак үйдөгү жолугушууда Трамп: “Никки Хейлинин БУУдагы биз үчун аткарган кызматы баа жеткис. Ал бул кызматтан кеткенден кийин башка администрациялык кызматта иштөөсү мүмкүн. Эмне каалайсың, Никки?”,- деген сөзүнө Хейли жылмайып гана жооп берди.

Ал президентке ыраазычылык билдирүү менен 2020-жылдагы шайлоого катышпастыгын жана анда Трампты колдоорун баса белгиледи.

Эскерте кетсек, Никки Хейли АКШга Индиядан барган мигранттын үй бүлөсүндө төрөлгөн. 2010-жылы Түштүк Королинанын губернатору болуп шайланып, АКШ тарыхындагы эң жаш губернатор болгон. 2017-жылдын январынан тарта БУУдагы АКШнын атайын өкүлүнүн кызматын аркалап келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM