Биз менен байланышыңыз

Facebookтун атаандашы Google+ жабылат

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Окт 2018 | 762 | 0

Googleдун Facebook кызматына атаандаш катары түзгөн Google+ кызматы жабылат. Бул тууралуу кызматтын администрациясы расмий түрдө билдирди.

Google+ социалдык желесинин жабылуусунун башкы себеби — колдонуучулардын жеке маалыматтарынын коопсуздугу сакталбай жаткандыгы. 500 миңге жакын колдонуучунун өздүк баракчалары коркунучта экендигин компания үстүбүздөгү жылдын март айында эле билген. Бирок олуттуу себеп болбогондугун жүйө келтирип коомчулукка жарыялаган эмес.

Экинчиден, Facebook кызматына атаандаш болуу максатында ачылганы менен колдонуучулардын саны максаттык көрсөткүчкө жеткен эмес. Facebook тармагына салыштырмалуу аз гана колдонуучусу дагы активдүү колдонгон эмес.

Жогорудагы себептерден улам Google 2011-жылы ачкан Google+ кызматын жабуу чечимин кабыл алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM