Биз менен байланышыңыз

Жер планетасын экологиялык апааттан сактап калуу үчүн 12 гана жыл калды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Окт 2018 | 1056 | 0

Жердеги климаттык өзгөрүүлөрдү дароо карап, чара көрүлбөсө, 2030-жылдардан баштап планетаны апаат тооруйт. Мындай тыянакты Климаттык өзгөрүүлөр боюнча өкмөттөр аралык эксперттер тобу атайын докладында жарыялашты.

Техникалык жана өндүрүштүк прогресстер Жердин жылуулугун арттырууда. Акыркы жүз жылдыкта планета 1 градуска ашыкча ысыган. Акыркы кездери адамзат жаратылыш газы, мунай жана ар түрдүү майларды колдонуу менен 3 градуска ашыкча ысытууда. Натыйжада дүйнөлүк суу денгээли, мисалы Тынч Океанда көтөрүлүп баратат. Мындай ылдамдык менен кетсе 2030-жылдан баштап, тагыраагы, 12 жылдан кийин Жер шаары экологиялык апааттардын алдын ала албай калат.

Бул коркунучтуу абалды жеткирүү үчүн жүздөгөн окмуштуулар биргеликте 3 жыл бою изилдеп, илимий доклад жарыялашты.

“Гринпис” эл аралык экологиялык көз карандысыз уюмдун жетекчиси Кайс Косонен: “Жердин оор көйгөйдүн алдында турганы талашсыз чындык. Окмуштуулар адам баласынын планетаны сактоо үчүн кош көңүлдүгүн токтотуу үчүн “Акмактар, батыраак аракет кылгыла!”дегиси келди. Бирок муну сылык түрдө эскертишти”,-деп билдирди.

Эскерте кетсек 2015-жылы эл аралык Париж макулдашуусунда планетанын жылуулугун индустриялык доорго чейинки даражасынан 1,5 градуска чейин гана көтөрүү каралган. Бирок илимпоздор бул дагы Жер үчүн ашыкча болорун айтышууда. Глобалдык ысытуудан качуу үчүн газ, мунай жана ар түрдүү май менен иштөөчү техникадан баш тартуу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM