Биз менен байланышыңыз

АКШ жоголгон журналист боюнча Сауд Аравияга кайрылды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Окт 2018 | 842 | 0

АКШнын Тышкы иштер министри Майк Помпео жоголгон журналист Жамил Кашыкчы тууралуу расмий сайтына билдирүү таратты.

Билдирүүдө АКШ тарап маанилүү өнөктөшү Сауд Аравиянын бийлигине журналисттин окуясы боюнча кенен жана ачык-айкын иликтөө иштерин жүргүзүүсүн суранган.

Президент Трамп журналисттерге берген маегинде бул тууралуу: “Мен аябай тынчсызданып жатам. Эч кимдин эч нерсе билбей жатканы түйшөлтүүдө. Жаман кабар уккум келбейт”,-деп жооп берди.

Эскерте кетсек, Американын The Washington Post гезитинин кабарчысы бозгун саудиялык журналист Жамил Кашыкчы (Кашогги) Түркиядагы Сауд Аравиясынын элчилигине үйлөнүү үчүн керек болгон документтерди алуу максатында кирген бойдон чыккан эмес. Анын киши колдуу болуп өлгөнү тууралуу маалыматтар айтылууда.

Түрк коопсуздук кызматы иштин чоо-жайын териштирип, кылмышка ИШИМ, “Мусулман агайындар” сыяктуу террордук топтор шектелүүдө. Себеби журналист алардын иш-аракеттерин катуу сынга алган иликтөөлөрдү байма-бай жазып келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM