Биз менен байланышыңыз

Касымалиева: Социалдык өнүктүрүү министринин маселеси боюнча өкмөт башчыга кирем

Пикирлер | 9 Окт 2018 | 710 | 0

Депутат Аида Касымалиеваны Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин иштерине премьер-министрдин реакция кылбаганы таң калтырган. Бул тууралуу эл өкүлү «Марал» радиосуна берген маегинде айтты.

«Өкмөт башчы менен жолугуп өзүнө түшүндүрүш керек окшойт. Коомдо болуп жаткан окуяларды премьер-министрдин маалымат кызматы жеткирет деп ойлогом. Эми өкмөт башчыга өзүм кирейин деп жатам.»  

Анын айтымында, такыр үн катпоо бийликке, өкмөткө болгон ишенимди азайтат.

«Бардык фактыларды келтирип бердим. Башында эле кетип калбастан принциби жок мамилени сезген жокпу? Мени ушул нерсе өкүнтөт. Министр Таалайкүл Исакунова коллективде жаман атмосфера жаратып, кызматкерлеге «депутатарга маалымат берип жатасыңар» деп күнөөлөп жатат экен. Бул минисрликтеги иштер соңуна чыгарына ишенем. Болбосо элдин бийликке болгон ишеними азаят», — дейт Касымалиева.

Эл өкүлү буга кошумча, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри мурдагы орун басары Зууракан Каденованын чыры боюнча дагы жоопкерчилик алышы керектигин белгиледи.

«Юридикалык жоопкерчилиги каралышы керек. Кызматтан алуу менен гана чектелип калбашы зарыл. Мындан сырткары этикалык жоопкерчилик жагын да кароо абзел», — дейт эл өкүлү.

Эске салсак, 22-сентябрда Сеул шаарынын аэропортунда Зууракан Каденованын учакка мас болуп кирип чыр салганын алгач Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган. Ушул эле күнү Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги бул окуяны тастыктаган. Көп өтпөй өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарын кызматтан алуу боюнча буйрукка кол койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM