Биз менен байланышыңыз

Касымалиева: Социалдык өнүктүрүү министрилигине барбайм

Пикирлер | 9 Окт 2018 | 708 | 0

«Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрилигине Аида Касымалиева өзү барат» деген сөздөр чыгып жатат. Бул тууралуу депутат өзү “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аталган министрликке кесипкөй адис келиши керек. Жаңы министр мекемедеги кызматкерлерди бириктирип, ишти жөнгө салып кетиши зарыл. Анткени абал оор.

«Мени Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматтан кетсе, ордуна ким келиши кызыктырат. Бул өтө оор иш. Аталган министрлик манилүү болгонуна карабастан арткы планда калып калууда. Мындай мекемелерге жетекчи дайындоодо партиялардын квотасы роль ойнобошу керек», — дейт Касымалиева.

Эл өкүлү белгилегендей, социалык маселелер, өкмөткө дайындоолор саясатташып кетүүдө.

«Фракция лидерлеринен суранам министрликке татыктуу адамдар келиши зарыл. Ал эми министрдин орун басары Лунара Мамытовага классташ же досу катары кайрылган жокмун. Министр айым да, Лунара айым да жоопко тартылып калышы мүмкүн. Мен суроолорума расмий жооп ала элекмин», — дейт эл өкүлү.

Буга чейин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова эл өкүлү Аида Касымалиеванын расмий кечирим суроосун талап кылып, Касымалиева анын ордун ээлегиси келип жатканын айтып чыккан эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM