Биз менен байланышыңыз

Турсунбеков: Өкмөттүн укуктарын көбөйтүш керек

Пикирлер | 8 Окт 2018 | 622 | 0

Өкмөттүн укуктарын көбөйтүш керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөт башчы бир партиянын жетекчиси эмес, анын артында саясий күч жок. Андыктан андан ашыкча нерсе талап кылуу мүмкүн эмес. Премьер-министр кызматка алып келген адамга көз каранды.

«Ошондуктан «сен эч кимди укпа десек өкмөт иштей албайт». Өкмөт өз алдынча чечим кабыл алып, иш жүргүзгөнүнө канчалык мүмкүнчүлүк көп түзүлсө, ошончолук натыйжалуу иштейт. Ал үчүн парламентке келген саясий күч алдыга койгон пландарын ишке ашыруу үчүн болгон күчүн жумшашы зарыл. Ошондуктан парламенттик демократияны аяганы чейин жеткирүү абзел», — дейт эл өкүлү.

Ал буга кошумча, күч органдарын жеке максатта пайдалануу жакшы жыйынтыкка алып барбай турганына «Белизгейт» маселеси мисал болгонун белгилейт.

Мындан улам бийлик башындагылар убактылуу эмес, түбөлүктүү аброй үчүн аракет кылып иштеши зарыл экенин айтып өттү.

«Күчтү мамлекеттин пайдасына колдонуу зарыл. Ал эми Абдил Сегизбаевдин жоопкерчилигин тиешелүү органдар аягына чейин териштирип, кылмыш жаза кодексинин негизинде жазасын бериши зарыл», — дейт Турсунбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM