Биз менен байланышыңыз

Турсунбеков : Депутаттарга элдин баасынан өзгөчө баа бере албайм

Пикирлер | 8 Окт 2018 | 652 | 0

Депутаттарга эл баа берет. Мен да элдин баасынан өзгөчө баа бере албайм. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан алдына койгон максатынын, чыныгы демократиялык, парламенттик өлкөнү куруунун аягына чыгышы керек.

«Парламенттик республика дегенде алгач Германиянын башкаруусу көз алдыбызга тартылат. Ал жерде президентти парламент шайлайт. Саясий күчтөр парламентке атаандаштык менен келет. Ал үчүн партиялар өнүгүшү керек. Эл партияны анын өлкөнү өнүктүрүү боюнча иштеп чыккан програмасына жараша колдойт. Өлкөнү өнүктүрүүгө парламентке келген, жеңген партиянын программасы негиз болот. Мен ошол жолго бара жатабыз деп ишенип турам», — дейт Турсунбеков.

Ал белгилегендей, өлкөдө админстративдик-аймактык реформа болушу керек. Мамлекет эки баскычтуу бюджет менен иштегендиктен, бийлик баскычтары дагы жергиликүү жана республикалык болуп бөлүнүшү зарыл.

«Жергиликтүү парламенттин жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрү эл тарабынан шайланышы керек. Ошондо бири-бирин көзөмөлдөө болот. Парламентте менин мындай көз карашымды колдогондор көбөйгөнү кубантат», — дейт эл өкүлү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM