Биз менен байланышыңыз

Кожобек Рыспаев КСДП фракциясынан чыгарылган жок

Кыска кабар | 8 Окт 2018 | 912 | 0

Депутат Кожобек Рыспаевди КСДП фракциясынан чыгаруу сунушу артка кайтарылды. Бул тууралуу фракциянын катчылыгынан билдиришти.

Мындай чечим үчүн депутаттардын 26сы макул, төртөө каршы добуш беришкен.

Буга чейин фракция жыйынга чогулуп Кожобек Рыспаевди катарынан чыгаруу маселесин талкуулашкан. Бирок акыркы жыйынтык маалымдалган эмес.

Эске салсак, Кожобек Рыспаев ушул жылдын 30-августунда Социал-демократтар партиясынан «Марал» радиосунда айткан сөздөрү үчүн чыгарылган.

Депутат «Марал» радиосунун «Кечээ. Бүгүн. Эртең» программасында уурулук кылбаган, коррупцияга аралашпаган, таза партияга мүчө болгусу келерин айткан. Ошондой эле КСДПда бекем ынтымак жок экендигин да белгилеген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM