Биз менен байланышыңыз

Турсунбеков: КСДПнын баары бийликти колдойт деп айткан туура эмес

Пикирлер | 8 Окт 2018 | 662 | 0

Партия жана өлкө бир адамга байланыштуу болбошу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кандай шарт болсо да партияда чыныгы демоктариялык чечимдер болушу зарыл. Мындай маселелерди партиялар өздөрүнүн курултайында чечиши керек.

Эл өкүлү КСДПда тирешүүлөр бар экенин айтып, ар кандай кармаштардын бир тобу элдин көзүнө көрүнүп калганын белгиледи.

«Сагынбек Абдрахманов сыяктуулар Кыргызстанды кыдырып аракет кылып жатышат. Аны колдогон, колдобогондор да бар. Бүгүнкү күндө бийлик кайсыл тарабына жан тартат деген көз караштар дагы бар. Коомдо болгон нерселер биздин партиядагы аракеттерде дагы көрүнүп турат», — дейт Турсунбеков.

Ал белгилегендей, бийлик кошомат кылгандарга, көкүрөк кагып бийликти пайдалангысы келгендерге ишенип калат да мүдүрүлүп кетет. Мындай болбошу керек.

«Керек болсо үй-бүлө мүчөлөрүң да сени 100% колдошу кыйын. Коркутуп же алдап колдоттурат. Бирок жакшы көрүп, чын көңүлү менен колдоо чыныгы колдоо болуп саналат. Мындан улам жаныңда жүргөндөр эч качан 100% колдобойт. Ошондуктан КСДПнын баары бүгүнкү бийликти колдойт деп айткандын өзү туура эмес», — дейт эл өкүлү.

Ал буга кошумча, акылдуулар оппозицияны дагы пайдаланарын, саясий бийлик оппозиция жок болсо өзү жаратып алып жүрүшү зарыл экенин белгиледи.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM