Биз менен байланышыңыз

Турсунбеков: Акыркы жылдары КСДПдагы топтук тирешүүлөр күч алды

Пикирлер | 8 Окт 2018 | 651 | 0

КСДПнын ичинде топтук тирешүүлөр токтоп калган жери жок, өзгөчө акыркы жылдарда күч алды. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, партиялык бийликтин башындагы жетекчиден тарта саясий кеңешке чейинки түрдүү көйгөйлөр болуп жатат. Ал маселелер саясий кеңеш менен фракциянын ортосундагы тирешүүгө дагы алып барып жатканы эч кимге жашыруун эмес.

«Парламентаризмди көксөгөн адам үчүн Кыргызстанда партиялардын өнүгүшү маанилүү. Мен эки президентти жакындатуу боюнча өз аракетимди жасагам. Бирок андан майнап чыккан жок. Мындай аракетти партиянын башка өкүлдөрү, саясий кеңештер да кылышы керек эле», — дейт Турсунбеков.

Эл өкүлү КСДПнын келечегине байланыштуу айткан көз караштарын айтып жүргөнүн белгиледи.

«Ал бирөөгө жакса, башкаларга жакпайт же болбосо залдагылар алакан чаап жер тепкилишет. Кимге канча барып жатканыма саресеп салып жүрүшөт. Менин президентке же мурунку ажого барып жатканым эч кимге кызык эмес», — дейт Турсунбеков.

Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин «партияны тазалап парламентик шайлоого катышам»,-дегени КСДПда жүргөндөрдүн барын ойго салганын кошумчалады.

«Бүгүнкү кырдаал да ойлонтот. Мага азыркы күнгө чейин саясий кеңеште белгилүү канатты башкарууга жана башка партиялардан сунуштар түшүп жатат. Азырынча бир жыйынтыкка келүү үчүн партия кайсыл жол менен барат деген маселени чечүү зарыл», — дейт эл өкүлү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM