Биз менен байланышыңыз

ФИФА Сьерра-Леоне мамлекетин катардан чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 8 Окт 2018 | 1116 | 0

Футбол боюнча дүйнөлүк уюм ФИФА Батыш Африкадагы Сьерра-Леоне өлкөсүн өзүнүн тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында кабарланды.

ФИФАнын бул кадамына Сьерра мамлекетинин бийлиги өлкөнүн футболдук ассоциациясынын иштерине түздөн-түз кийлигишип, анын президенти менен баш катчысын кызматтан алып койгон. Ошондой эле бийлик ФИФА тарабынан каржыланган долбоорлорго жана программаларга өкүм жүргүзө баштаган.

ФИФАнын чечими менен эми аталган мамлекеттин футбол боюнча курама командасы жана клубдары бир дагы эл аралык мелдештерге катыша алышпайт жана ФИФА тарабынан материалдык колдоо көрө алышпайт.

Качан гана ФИФА расмий тааныган Сьерранын футбол ассоциациясынын президенти менен башкы катчысы түзүмдүн бардык ишин өз көзөмөлүнө алганда ФИФА өлкөнү катарына кошот.

Кошумчалай кетсек, 5,5 милион калкы бар Сьерра-Леоненин Футболдук ассоциациясы 1960-жылы түптөлүп, ошондон бери ФИФАнын курамында, ал эми Африка Футбол Федерациясына 1967-жылдан бери кошулуп ойноп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM