Биз менен байланышыңыз

Батыш орус тыңчыларынын изин тапканын айтып чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Окт 2018 | 663 | 0

АКШ, Британия жана Нидерланды тарабынан кибер чабуул үчүн айыпталып жаткан орусиялык тыңчылар артында одоно издерди калтырышкан. Бул тууралуу Нидерландынын атайын кызматы билдирди.

Шектүү орус тыңчысы Нидерландынын Гаага шаарында аэропорттон барчу жерине жеткирип барган таксинин чегин калтырып кеткен. Анда көрсөтүлгөн адрес боюнча барышканда, имаратты коргоп турган аскер ичкери кирүүгө уруксат бербей, ал жерден кууган. Бул жер орус тыңчыларынын кибер чалгындарды жасап, белгиленген чабуулдарды уюштурган жайы болуусу мүмкүн деп ишендиришүүдө.

Мындан сырткары, шектелип жаткан орусиялык башкы чалгын кызматынын кызматкерлери социалдык желелерде жана башка интернет сайттарында өздөрүнүн сүрөттөрүн, өздөрү тууралуу маалымат жана жашаган даректерине чейин жазышкан. Бул дагы алар тууралуу маалымат алууга түзүлгөн шарт дешет күнөөлөп жаткан тарап.

Бирок эл аралык коомчулук жана орусиялыктар муну ишенбөөчүлүк жана шылдың менен карашууда.

Коопсуздук боюнча адис Марк Галеотти “Азыр интернет маалымат алуу үчүн өтө жеткиликтүү булак. Орус чалгын кызматы муну билбей калгыдай акмак эместигин айтып, ишенбөөчүлүк билдирди.

Ал эми коомдук желелерде пикир калтыргандар таксинин квитанциясын сактап жүргөн шоопуруна ишенген өлкөлөрдү шылдыңга алышууда.

Орус бийлиги да ушундай эле пикирде. Батыштын бир ооздон тыңчылыкка күнөөлөп жатканын “Атайын Орусияга каршы уюштурулган кампания. Батыштын шпиономаниясы”,- деп ачыктады орус бийлиги.

Эскерте кетсек, орусиялык жети жаранды АКШ, Улуу Британия жана Нидерландыдагы эл аралык маанидеги уюмдардын интернет тармагына кибер чабуул жасады деп күнөөлөп, алардын Орусиялык чалгын кызматынын кызматкерлери экенин айтышкан болчу.  Эми бул айыптоону далилдөөгө аракеттерин күчөтүштү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM