Биз менен байланышыңыз

Бишкек менен Доха шаарларынын кызматташуусу талкууланды

Кыска кабар | 8 Окт 2018 | 687 | 0

Кыргызстандын Катардагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Нуран Ниязалиев Доха муниципалитетинин директору Жамал Матар Аль-Наими менен жолукту.

Анда 2014-жылдын декабрында кол коюлган Бишкек жана Доха шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелерин орнотуу жөнүндөгү келишимдин алкагында, борбор шаарлардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында Бишкек менен Доха ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча өз ара мамилелерди жандандыруу, анын ичинде эки тараптуу сапарларды уюштуруу жөнүндөгү макулдашуулар жетишилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM