Биз менен байланышыңыз

Румынияда тек жыныстуу үй бүлөгө каршы референдум жараксыз деп табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Окт 2018 | 769 | 0

7-октябрда Румынияда өлкөнүн Баш мыйзамындагы никени аныктоочу беренеге өзгөртүү киргизүү боюнча референдум болуп өттү. Анда “Үй бүлө-бул жубайлардын союзу” деген аныктаманы “Үй бүлө-бул эркек менен аялдын ортосундагы түзүлгөн союз”деп өзгөртүү сунушталган. Бирок референдумдун жыйынтыгы катышуунун аздыгына байланыштуу таанылган жок. Бул тууралуу Румыниянын борбордук шайлоо бюросу билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, референдумга шайлоочулардын кеминде 30%ы келип добуш берүүсү шарт болчу. Бирок румыниялык шайлоочулардын 24,5% гана пайызы катышкан.

Консерватиялык “Үй бүлөнү коргоо” кыймылы менен бир катар православдык уюмдардын демилгеси менен өткөн референдум өлкөдөгү тек жыныстуу бүлөөрдүн тагдырын аныктамак. Демилгечилер мамлекеттеги гендердик хаос жана үй бүлө институтунун кыйрап бараткандыгын, төрөлүүнүн кескин кыскарып кеткендигин жана жаш муундун массалык психологиялык бузулуу коркунучу сыяктуу олуттуу жүйөлөр менен бул демилгени сунушкан.

Аталган долбоорго европалык адам укугун коргоо боюнча уюмдар каршы чыгып, бул кадам Евробиримдиктин мыйзамдарына каршы келет деп эскертишкен. 2001-жылы Евробиримдик жана Европа Парламентинин басымы менен Румынияда гомосексуализмге тыюу алынып салынган. Ошентсе дагы, Румыния өкмөтү тек жыныстуу үй бүлөлөрдү расмий каттоодон баш тартып келет.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM