Биз менен байланышыңыз

Ингушетия-Чеченстан чек арасы боюнча абал курч мүнөзгө өттү

Ингушетия-Чеченстан чек арасы боюнча абал курч мүнөзгө өтүп баратат. Себеби ингуш эли эки өлкөнүн бийлиги тарабынан макулдашылган чек арадагы жер алмашууну кабыл алган жок. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

26-сентябрда кол коюлган макулдашууда коңшу өлкөлөр чек араны тактап бекитишкен. Анда кээ бир аймактар алмашылган. Чеченстан парламентинен айырмаланып, ингушетиялык депутаттар макулдашууну ратификациялоодон баш тартышты. Бирок эмнегедир президент Юнус Бек Евкуров документ ратификацияланганын жарыялады.

“Макулдашууда Ингушетия эч нерсе жоготкон жок. Жөн жерден эле кошумча маселе жаратышууда”,-деп билдирди Евкуров.

Ингуш элинин каршылыгына Чеченстан президенти Рамзан Кадыров кесе жооп берди. Анын “Кавказский узел” басылмасындагы татар тилиндеги билдирүүсүндө:

Кудай акы, өзүңөргө ашыкча көйгөй жаратпагылачы! Согуш каалап жаткан болсоңор-мен ага макулмун. Алыңарга жараша иш кылгыла! Керек болсо жардам берип, жакшылыгыбызды аябайбыз. Бирок бош эле сүйлөп жаткандар тиешелүү жообун алышат!”,-деп зекиди.

Бирок президенттердин эскертүүлөрү Магастагы нааразы элди артка чегиндирген жок. Тескерисинче, митингчилердин сабы күндөн-күнгө жооноюп баратат.

Бийлик 15-октябрга чейин тынчтык митингине чыгууга уруксат берүүгө аргасыз болду. Бирок аларды тамак-аш менен камсыздоону тыйганына карабай, кафелер менен дүкөндөр аларга бекер тамак-аш берүүнү улантышууда.

Каршылык акциялары башталгандан бери өлкөдө интернет байланышы өчүп, дээрлик иштебей жатат. Ал эми жергиликтүү администрациялык теле жана радиолор окуяны чагылдырбай жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM