Биз менен байланышыңыз

9 айда камсыздандыруу төлөмдөрүнөн 22 млрд сом түштү

Кыска кабар | 8 Окт 2018 | 671 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында камсыздандыруу төлөмдөрүнөн 22 млрд 123,4 млн сом түштү. План 21 млрд 188 млн сом деп белгиленген.

Бул тууралуу Социалдык фонддун маалымат кызматы билдирди. Коюлган план 104,4 пайызга аткарылды.

Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өсүшү 1 млрд 500 млн сомго көп болду.

Copyright © 2017 Maral FM