Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Авиажүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын жогорулатуу зарыл

Кыска кабар | 6 Окт 2018 | 671 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков жарандык авиациясынын ардагерлери менен жумушчуларын жарандык авиациянын 85 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Мамлекет башчы куттуктоосунда учурда авиаучуулардын географиясын кеңейтүү, жаңы линияларды көбөйтүү, «Ош» жана «Манас» аэровокзалдык комплекстерди кеңейтүү боюнча жакшы иштер жасалып жатканын белгилеген.

Мныдан сырткары, Жарандык авияцияны өнүктүрүү — өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында приоритеттүү тапшырмалардын бири болуп белгиленгенин айткан.

Ошондой эле жарандык авиациянын өнүгүү жолу ардагерлердин эмгеги жана чыгармачылык мамилеси менен тыгыз байланышканын айтып өткөн.

«Авиациялык ташуулар рыногун өнүктүрүү үчүн аба мыйзамдарын либералдаштыруу аркылуу ыңгайлуу шарттар түзүлөт.  Эл аралык авиациялык талаптарды сактоо менен авиакаттамдар рыногунда атаандашуу үчүн авиаторлордун азыркы мууну зор салым кошуп жатат. Аэропорт инфраструктурасын модернизациялоого, авиаучуулардын коопсуздугунун камсыз кылууга, авиажүргүнчүлөрүн тейлөө сапатын жогорулатууга Кыргызстандын авиаторлору өзүнүн бардык күч-аракеттерин жумшайт деп терең ишенем. Сиздерге чың ден-соолук, ийгилик жана бактылуу турмуш каалайм», — дейт Жээнбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM