Биз менен байланышыңыз

Разаков: «Карга аке өз заманынын «Эл атасы» наамын алган

Кыска кабар | 6 Окт 2018 | 850 | 0

6-октябрда, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда XVIII кылымдын белгилүү инсандарынын бири Карга Мендегул уулунун (Карга аке) 300 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 

Маалыматка ылайык, салтанатта вице-премьер-министри Жеңиш Разаков премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин атынан куттуктоо окуп, Карга акенин басып өткөн жолуна татыктуу баа берилиши зарыл экенин белгиледи.

«Карга аке бир кылымдан ашуун өмүр сүргөн олуя адам болгон. Анын «Карга бий», «Карга аке» атыгып калышында анын жүрүм-турум парасаты гана эмес, сүйлөгөн сөздөрү да эл ичинде накыл болуп жашап келет. Карга аке сындуу бабаларыбыздын калтырган мурастарын көздүн карегиндей сактап, элибиздин биримдигин жана эркиндигин чыңдообуз керек», — деди Разаков.  

Ал белгилегендей, Карга акенин Ысык-Көлдүн касиетин таанып, «Көлдөн калкым айрылбасын» деген улуу тилеги муундардын кулагына алтын сырга болуп тагылган. 

Юбилейди белгилөө алкагында Жети-Өгүз районунун Дархан айылында Карга акенин эстелигинин салтанаттуу ачылышы, ошондой эле акын жана музыканттардын катышуусундагы маданий иш-чаралар болуп өттү. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM