Биз менен байланышыңыз

«Чыңгыз Айтматов жана доор чакырыктары» Ысык-Көл форуму башталды

Кыска кабар , Сүрөт | 5 Окт 2018 | 1159 | 0

Бүгүн, 5-октябрда Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында «Чыңгыз Айтматов жана доор чакырыктары» эл аралык Ысык-Көл форуму башталды. Ага президент Сооронбай Жээнбеков, КМШ мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун кеңешчиси Александр Гончаров, ЮНЕСКО кластердик бюросунун директору Криста Пикат, Эл аралык түрк маданияты уюмунун башкы катчысы Дюсеин Касеинов жана 25 мамлекеттен 150дөн ашык адамдар катышууда.

Алардын арасында чыгармачыл инсандар, Чыңгыз Айтматовдун замандаштары бар. Жыйындын ачылышында сөз сүйлөгөн өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков, эл арылык форум 1986-жылы, дал ушул жерде, дүйнөнүн көрүнүктүү 17 интелектуалы глобалдык цивилизациясынын ошол учурдагы көйгөйлөрүн жана келечектеги тобокелчиликтерин талкулоо үчүн чогулганын эске салды. Алар адамзаттын аң-сезими саясаттын туткунунда калып, ой жүгүртүүсү ядролук коркунучка кептелгенин, жер шарында адамдардын чогуу жашоо мүмкүндүгү кризиске кабылганын сезишкен.

Расмий ачылышы Бишкекте болгон «Чыңгыз Айтматов жана доор чакырыктары» эл аралык Ысык-Көл форуму Ысык-Көл облусунда уланат.

1986-жылы октябрда Ысык-Көлдө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен эл аралык форум өткөн. Бул тарыхый жыйын “Ысык-Көл шеринеси” деген ат менен белгилүү болуп калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM