Биз менен байланышыңыз

Дүйшембиев: 2019-жылы Бишкекте эки чоң парк курулат

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Окт 2018 | 1188 | 0

2019-жылы Бишкекке эки ири парк куруу пландалып жатат. Бул боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри Бакыт Дүйшембиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кийинки жылы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынын күн чыгыш тарабындагы аймакка аянты 9 гектарды түзгөн жаңы парк курулат.

«Андан сырткары Боталиев көчөсүндө тагыраагы, Жаш Гвардия менен Тоголок Молдо көчөсүнүн ортосунда 7 гектар жерге жаңы парк курууну долбоорлоп жатабыз. Жаңы мэр калааны жашылдандыруу тапшырмасын коюп жатат. Ага ылайык, жаңы скверлерди куруу пландалууда», — дейт Дүйшембиев.

Ал белгилегендей, кичи сейил бактардын кварталдык мааниси зор. Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен мурдагы имаратынын ордуна да сейил бак салынат.

«Шаарды жарыктандыруу боюнча жумуштар кызуу жүрүп жатат. Андан сырткары 2019-жылы жаңы тротуарларды салуу боюнча чоң долбоорлор каралууда. Ага дагы каражат бөлүнөт» , — дейт вице-мэр.

Ал буга кошумча, мэр, вице-мэрлер көйгөйлүү маселелерди талкуулап, жарандарды кабыл алууга жана маселенин актуалдуулугуна жараша эл менен жеринен да жолугушууга даяр экенин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM