Биз менен байланышыңыз

Сууга чөккөн өспүрүмдү куткаруучулар өздөрү чөгүп каза болушту

Дүйнө | 5 Окт 2018 | 909 | 0

Малайзиянын Селангор штатында сууга түшүп кеткен өспүрүмдү куткаруу учурунда алты куткаруучу курман болду. Бул тууралуу New Straits Time маалымат порталы билдирди.

Салангор штатынын Сепанг аймагына достору менен балык уулоого келген 17 жаштагы өспүрүм капыстан келген суу толкундарына жыгылып сууга тартылып кеткен. Аймактын куткаруу комитетинин алты кызматкери өспүрүмдү куткаруу маалында суу агымы күчөп айлампа пайда кылган. Куткаруучуларды байланыштырып турган чынжырча үзүлүп, башка курал-жарактары жоголуп, өздөрү айлампага кирип кетишкен.

Ошентип, куткаруучулардын артынан түшкөндөр алардын сөөктөрүн таап чыгышты. Кайгылуу окуя бүтүндөй Малайзияны таасирлентип, социалдык желелерде алардын сүрөттөрү менен көңүл айтуу билдирүүлөрүн калтырышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM