Биз менен байланышыңыз

Дүйшембиев: 2019-жылы жаңы конуштагы жолдор оңдолот

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Окт 2018 | 1019 | 0

2019-жылы 60 көчөдө жолдорду оңдоо иштери пландалууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Бакыт Дүйшембиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, курулуш иштеринин тең жарымы жаңы конуштарда болот.

«Кийинки жылы жаңы конуштардагы жолдорду оңдоп, аларды магистралдык көчөлөргө байланыштыруу каралып жатат. Алсак, Энесай конушуна жаңы көчө салынат. Мындан сырткары, жаңы аялдамаларды коюу боюнча иштеп жатабыз. Азыркы аялдамалар бюджеттин эсебинен салынган эмес. Аларды ижарага бергенбиз, — дейт Дүйшембиев.

Ал белгилегендей, жакында Орозбеков менен Шербаков көчөсүнүн кесилишине жол чырак коюлат. Тоголок Молдо көчөсүндөгү оңдоп-түзөө иштерин октябрдын аягына бүтүрүү пландалууда.

«Шаардын деталдуу планы боюнча маселе кайра каралат. Ошондой эле мыйзамсыз көмүр саткандарга  сөзсүз чара көрүлөт. Көмүр сатуучулар экологияга жана жарандарга зыян келтирбей тургандай шарт түзүп, талап коюу боюнча иштер жүрүүдө», — дейт вице-мэр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM