Биз менен байланышыңыз

Дүйшембиев: Унаа токтотуучу жайлар боюнча эки долбоор каралууда

Пикирлер | 5 Окт 2018 | 706 | 0

Борбор шаарда унаа токтотуучу жайлар боюнча жаңы долбоор иштелип жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Бакыт Дүйшембиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, унаа токтотуучу жайлар боюнча жобо ушул айдын аягына чейин иштелип чыгып, шаардык кеңештин талкуусуна жөнөтүлөт. Учурда жобонун эки варианты каралып жатат.

«Биринчи вариантта унаа токтотуучу жайларды көчөлөр боюнча ирээтке келтирүү маселеси каралууда. Ал эми экинчиси, шаардагы транспорттук төлөмдөрдү алып, ал каражаттын баарын унаа токтотуучу жайларга жумшоо жана жеке оператор компанияны киргизүү тууралуу», — дейт Дүйшембиев.

Ал белгилегендей, шаарга кирип жаткан транспорттордон унаа токтотуучу жайлар үчүн төлөмдөрдү алуу маселеси каралууда. Ал сумманы жыл ичинде бөлүп төлөөгө болот.

«Бирок шаарда төлөмдөрдү ирээтке келтирүү, салыктар менен байланышкан системаларга байланыштуу бул долбоорду ишке ашырууга али эрте. Балким келечекте ушундай төлөмдөргө өтсөк болот. Азырынча көпчүлүгү көчөлөрдү ирээтке келтирүү тууралуу жобону колдоп жатыштат», — дейт вице-мэр.

Маалыматка ылайык, шаарда муниципиалдык унаа токтотуучу жайлар жок. Аны жеке компаниялар ижарага алышат. Андан жыл сайын шаардык бюджетке 40 млн сомго жакын каражат түшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM