Биз менен байланышыңыз

Нарын району: Окуучулар мектептин жыйын залында окуп жатат

Айылдан сүйлөйбүз | 4 Окт 2018 | 5203 | 0

«Марал» радиосунун «Айылдан сүйлөйбүз» программасынын бул жолку чыгарылышында Нарын районуна караштуу Кеңеш жана Эмгек-Талаа айылдарындагы мектептердин абалы тууралуу сөз кылдык. Берүүнү Түмөнбай Абдинаби уулу алып барды.

Маалыматка ылайык, аталган аймактагы мектептер авариялык абалда. Ошондуктан окуучулар башка мекемеде билим алышууда. Алардын саны көп болгондуктан 3 кезмет менен окуп жатышат.

Эмгек-Талаа айылындагы мектептин директору Назира айым:

— Мектеп 1960-жылдары курулган. Былтыр ӨКМдин чечими менен бир корпусубуз жабылды. Авариялык абалда экен. Азыр башка имаратта 370тей окуучу билим алат. Класстар жетишсиз болгондуктан жыйын залын экиге бөлүп, 2 класстын окуучуларын окутуп жатабыз. 10-класста 8 эле окуучу бар. Мындан улам аларды мугалимдер бөлмөсүнө киргиздик. Мугалимдердин, завучтун бөлмөсү жок. Компьютер лабораториясынын бир бурчунда отурабыз. Ошол эле жерде окуучуларга сабак да өтүлөт. Айтор, абалыбыз абдан оор. Мен директор болуп жаңы окуу жылында эле шайландым. Мектептин мурдагы жетекчиси Жогорку Кеңешке чейин кайрылып, «мектеп салынып калса экен» деп көп аракеттерди жасады. Бирок ишке ашпай жатат. Ал жетекчибиз айыл өкмөт башчысы болду. Азыр да чуркап жүрөт.   

Кеңеш айылындагы мектептин директору Самара айым:

— Мектеп 1974-жылы колдонууга берилген. Ошол учурдан бери бир да жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Учурда окуу жай авариялык абалда болсо да 150дөн ашуун окуучу окуп жатат. Мектептин тескей тарабы 2010-жылы ачылып баштаган. Нарында кыш өтө катуу болот. Кар калың жааганына байланыштуу имараттын пайдубалы да ар кайсы жеринен жарылып кеткен. 2014-жылы мектептин ачылып кеткен тарабын темир менен тарттырганбыз. Ага да карабай темирлердин бурамалары чыгып кетип, имарат колонууга жараксыз болуп калды. Учурда эки кезмет менен шарты жок болсо да окуучулары жыйын залдарда, эмгек бөлмөлөрүндө окутуп жатабыз. 2015-жылы ӨКМге кайрылып, жаңы имарат курулушу керек деген чечимин алганбыз. Ал убактан бери парламентке да кайрылып келебиз. Мектептин тескей тарабы окуучулар үчүн кооптуу. Айыл калкынын саны 650гө жетет. Нарын райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан Жогорку Кеңешке, архитектура департаментине кайрылуулар жазылган. Жылда эле кийинки жылга жылып калат. Баары келип каражат маселесине такалууда.

Нарын райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Болот Белеков:

— Мектептердин абалы менен ЖКнын депутаттары таанышып кеткен. Мекемелер абдан оор абалда. Бул маселе боюнча аракеттер көрүлүүдө. Тиешелүү мекемелер кабардар. Жаңы мектептин курулушу башталат деген үмүт менен жашап жатабыз. Долбоорлор даярдалып жөнөтүлгөн, эми бюджетке киргизебиз деген аракеттер менен эле туруп жатат. 3 кезмет менен окутуу кыйынчылык туудуруп жатат. Азырынча күн узун, ал эми кышында күн кыскарат. Ошол мезгилде окуучулардын келип-кетүүсү кыйын болуп калат. Ошондуктан ушул маселелерди эске алып, өкмөт жаңы мектептин курулушун тездетсе. Мындан башка да авариялык абалдагы мектептерибиз бар. Биз шашылыш болгондорун биринчи орунга коюп жатабыз. Мамлекеттин да абалын билебиз. Быйыл бир мектеп салынды. Учурда Миң-Булак айылына дагы бир окуу жай курулууда. Бирок талаш-тартыштар көп, сапаты начар болуп жатат. Мектепке бөлүнчү каражат толугу менен берилген. Ошентсе да аз сандагы жумушчулар иштеп жатат. Ага карабай жылдын аягына чейин колдонууга берилет деген үмүтүбүз бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM