Биз менен байланышыңыз

Мугалимдик кесиптин түйшүгү түмөн

Билим-маданият | 4 Окт 2018 | 2876 | 0

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата уюштурулган “Жүрөгүмдү балдарга арнайм” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Шаар боюнча эң мыкты мугалимдер, класс жетекчилер, мектептер сыйланды. Салтанаттуу иш-чарага шаар мэри катышып, мыктылардын мыктысына белектерди ыйгарды.

Айзада Нургазиева 2003-жылдан бери кесибинин ысык-суугуна чыдап, балдарга болгон сүйүүсүнөн жылдан-жылга шык алып, эмгектенип келет. Быйыл болсо Бишкек шаары боюнча мыкты мугалимдердин ичинен 3-орунга татыды .

2003-жылы Жогорку окуу жайды аяктап, 68-мектепке орношком. Ошондон бери мугалимдик кесиптин оордугуна карабай, балдарды сүйүп, кесипти сүйгөндүктөн балдарга билим берип келе жатабыз.

«Ар бир адам баласынын жашоосунда мугалимдин орду чоң. Тамга таанытып, жашоону туура нукка бурууда, бурулуштарды жасоодо алардын орду зор. Мен үчүн балдарымдын ийгилиги сыймык” деген жылдын мыкты класс жетекчиси Махабат Айдаралиева мугалимдик кесип жалгыз гана билим берүү эмес, балдарга туура багыт көрсөтүүчү экинчи ата-эне деп баалап, жашоосундагы маанилүү окуялары менен бөлүштү.

Мен анда айылда иштечүмүн. Бир окуучум такыр эле мектепке барбайм деп койгон. Мен аны келбесең өзүң билесиң деп койсом болмок, бирок мен анте алган жокмун. Ал кайсы жакка барса, артынан ээрчип жүрө бердим. Картошка казса, жанында отуруп алчумун. Ошентип жүрүп баланы мектепке кайтардым. Азыр көргөн жеринде ыраазычылыгын билдирет.

Нооруз Саалы кызы өзү жаш болгонуна карабай, балдарга тамга таанытып, алардын жашоосундагы алгачкы пайдубалын тургузуп жаткан инсан катары өзүн бактылуу сезет. Ал жаш мугалимдердин арасынан эң мыкты аталды. «Балдар чоңоюп, өз алдынча болуп калган кезде, башындагы кыйынчылыктын баары унутулат»,- дейт жаш мугалим.

Биринчи классты алгачкы жолу алганым эсимде. Себеби балдар эч нерсени билбейт, баары алар үчүн жаңы. Бир класста 30 бала бар, алардын баарын отургузуп, үйрөтүп, бир калыпка алып келүү оңой эмес. Бирок 1-2 ай өткөндөн кийин балдар өзүнчө болуп калганда баары унутулуп калат.

Бирок мугалимдерди түйшөлтүп, чечилсе деп ойлонткон көйгөйлөр жок эмес. Анын үстүнө акыркы мезгилде аларга карата айтылып жүргөн терс пикирлер таасир этерин айтышат. “Жылдын мыкты мугалими” наамынын ээси Элмира Давлеталиева бүгүнкү күндө мугалимдерге болгон талап күчөп, алар бир эле билим берип эмес, ата-эненин милдетин да аткарып калган учурлар тууралуу айтып берди.

-Бизде отчёт деген нерсе көп. Эгер ошолор азайса, биз өзүбүздүн милдетибизди так аткарат белек деп ойлойм. Анын үстүнө, бүгүнкү күндө мугалимдерге карата талап күчөдү. Мындан улам аларга карата терс пикирлер да көбөйдү. Анткени мугалим бир гана билим, тарбия берүү жагынан эмес, ата-энелер да өзүнүн милдетин мугалимдерге, мектепке жүктөп койгон учурлар көп болууда.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаары боюнча билим берүү мекемелеринде 8 миңдей мугалим эмгектенип келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM