Биз менен байланышыңыз

Азыркы мугалимдердин статусу кандай?

Билим-маданият | 4 Окт 2018 | 2827 | 0

5-октябрда Кыргызстанда мугалимдер күнү. 2014-жылга чейин бул күн октябрдын биринчи жекшембисинде майрамдалып келген. Ал эми дүйнө жүзүндө болсо ЮНЕСКО жана эл аралык Эмгек уюму 1966-жылдын 5-октябрында “Мугалимдердин абалы туурасында” көрсөтмө кабыл алгандан тартып, жүздөн ашык өлкөдө белгиленип келет. Мындан улам биз да бул күндү утурлай мугалимдердин статусу боюнча элге суроо узаттык.

Ар бир кишинин жашоосунда мугалимдин орду чоң. Анткени “А” тамгасын таанытып, келечекке карай жол алууда алардын салымы зор. Тилекке каршы, акыркы учурларда мугалимдерге карата сын-пикирлер байма-бай айтылып, бүгүнкү педагогдордун көпчүлүгүнүн билими төмөн жана кесипкөй эмес экенин айтып сындагандар да бар. Айрым учурда мугалимдер катышкан терс көрүнүштөгү видеолорду социалдык тармактарга жарыялап жүргөн учурлар да катталат. Мындан улам биз шаар тургундарынын статусу тууралуу шаардыктардын пикирин билип көрдүк.

Беш кол бирдей эмес. Баарын жаман дегенге болбойт.

-Ар бир адамдын өзүнөн. Мугалим билим берет. Аны өздөштүрүп кетүү адамдын дээринен болуш керек.

Сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү азыркы мугалимдерди мурдагы муунга салыштырууга болбойт дешет. Мугалимдерге болгон сый-урмат алардын даражасына жараша болгон. Учурда жаш мугалимдердин көпчүлүгү коррупция жолу менен окууну аяктагандыктан, ишенич төмөн дегендер да жок эмес.

Мурдагылар менен салыштырып болбойт. Айырмасы асман менен жердей. Мурда талап күчтүү болчу. Ошого жараша балдар да окуйт эле.

-Азыркы мугалимдер окусаң оку, болбосо жок дейт. Мурда андай эмес эле. Эгерде бала жетишкендик жагынан артта калып жатса, аны сабактан кийин алып калып, окутушчу.

-Баары эле акча менен. Окуу жайды да акча менен бүтүрүшкөн. Жогорку окуу жайдын мугалимдери болсо акча менен бүтүрүшөт. Ишенич жок.

Деген менен, “А” тамгасын тааныткан мугалимдерге терс пикир айтуу дагы уят нерсе деп, билимди кандай өздөштүрүү ар бир адамдын өзүнүн жөндөмүнө жараша дегендер да бар. Тескерисинче, бүгүнкү жаш мугалимдердин билим деңгээли, дүйнө таанымы жогору экенин белгилешет.

-Бүгүнкү мугалимдер тескерисинче башкача ойлонушат. Замандын талабына жараша көп тил билип, көп нерсе үйрөтө алышат.

-Бирөөнү жаман дебей, ар бир адам өзү аракет кылыш керек. Мугалим билгенин үйрөтөт.

Кыргызстанда болжол менен 80 миңге жакын мугалим эмгектенет.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM