Биз менен байланышыңыз

Оомат менен доомат коштогон «Вега» компаниясы

Коом | 4 Окт 2018 | 1150 | 0

Бүгүн “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендерди уткан “Вега» радиокуруу концерни» компаниясы маалымат берди. Аталган компаниянын өкүлү долбоорду бүтүрүү мөөнөтү, тобокелдиктер туурасында журналисттерге айтып берди. Ошону менен бирге долбоорду ишке ашыруу үчүн тендер ачык өткөнүн жана коюлган талапты компания аткарганын белгиледи. 

Көптөн бери «Коопсуз шаар» долбоору  ишке ашпай келе жатат. Акыркы жолу өткөн аукциондо орусиялык «Вега» радиокуруу концерни компаниясы алдыга чыккан. Бирок бул компания тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда.

“Вега” компаниянын коммерциялык директору Сергей Калмыковдун айтымында, учурда бул долбоор боюнча көп суроолор пайда болду. “Вега” өзүнө 27 ишкананы камтыган федералдык илимий борбор болуп эсептелет.

-Үч жылдай убакыт мурда инновациялык технологиялар тармагында чечим кабыл алынып, жаңы багыт ишке кирген. Мындай багыттардын бири фото-сүрөткө тартуу болуп саналат. Буга жарандык сектордун талабы чоң, өзгөчө өрт коопсуздугу тармагында.

Калмыков кошумчалагандай,  “Вега” компаниясынын техникасынын негизги өзгөчөлүктөрү энергияны минималдуу колдонууда. Ага жалпысынан 20 кВт коротулуусу керек. Бул энергияга көз карандысыз комплексти түзүп, күндөн батарея аркылуу кубат алууну камсыздайт.

Бул шаймандын чыгышын биздин атаандаштарыбыз агрессивдүү түрдө кабыл алышты. Качандыр бир кездеги бардык кемчиликтер жоюлду. “Вега” ресурсту үндөгөн энерготехнологияларды өнүктүрүү менен алектенет. Учурда аталган долбоор пилоттук режимде Орусиянын кээ бир объектилерине киргизилип жатат.

Компания долбоорду 1 млрд. 195 млн. сомго ишке ашырууга макул болгон.

Ал арада долбоорду ишке ашыруу үчүн уюштурулган сынакка катышкан «Маалыматтык системанын коопсуздугу» компаниясы эл аралык сотко доо-арыз менен кайрыларын билдирип чыкты. Аталган компания сынак эреже бузуулар менен өткөнүн жана жыйынтыгын расмий билдирүүгө чейин эле «Вега» компаниясы жеңгени айтылды деп айыптоодо. Ошону менен бирге «Вега» концерни тапшырган документтерде айрым эреже бузуулар бар экендигин айткан.

Учурда “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча өткөрүлгөн аукционду утуп алган орусиялык “Вега” компаниясы менен келишим түзүү үчүн жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдирди.

Анын айтымында, документтин алдын ала даярдалдалган варианты Орусияга жөнөтүлдү.

-«Коопсуз шаар» долбоору 2019-жылдын 1-январында толугу менен ишке киргизилет. Долбоорду ишке ашыруучу «Вега» орусиялык компаниясы менен келишим түзүлсө, жыл аягына чейин техникаларды орнотуу ишин аяктоо пландалууда. Ал эми келерки жылдын башынан тарта долбоор толук ишке кирет. Бул компаниянын фото-сүрөткө тартуу жаатында тажрыйбасы абдан чоң. Алар жаңы инновациялык системаны киргизели деп жатат.

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Равшан Жээнбеков «Коопсуз шаар» долбоорун Орусияга бербөө керек деп эсепетейт. Себеби Кыргызстандын көптөгөн стратегиялык долбоорлорунун орус компанияларына берилип жатышы, өзүнүн коопсуздугун коргобойт дегенди түшүндүрөрүн айтты.

-Бүгүнкү күндө газ, нефть жана банктарыбыз орусиялык компаниялардын колунда. Бул келечегибизге сокку ура турган нерсе. Орусиянын компаниялары технологиялык ишканалар эмес.  Учурда Батыш Орусияга технологияларды бербей жатат. «Вега» жакшы технологияларды бизге алып келе албайт. Ошондуктан бул келечекте илең-салаң иштеген компания болот. Же болбосо иштей албай Русгидрого окшоп бир күнү токтоп калат.

Саясат талдоочу Бакет Бакетаев «Коопсуз шаар» долбоорун мамлекеттик компания ишке ашыруусу керек деп эсептейт.

Анын пикиринде, жеке компания жол эрежесин бузган айдоочулардан айыппулду ар кандай суммада алуусу мүмкүн. Мындан улам айдоочулар бир топ түйшүккө кабылат.

-Долбоорду мамлекеттик компанияга беришибиз керек. Анткени менчик компания алган насыясынын пайызын айдоочулардан өндүрүп алат. Ошол эле учурда өздөрүнө киреше табышат. Биздин жөнөкөй айдоочуларыбыз кыйналат. Менин оюмча, фото-сүрөткө тартууну киргизүү каракчылык деп эсептеймин. Бишкектин жолдорун стандартка келтирип, жарыктандыруу жана светофорлорду шартка ылайыкташтырып беришсе. Ошондо айдоочуларыбыз айыппулду эч сарсанаа болбостон төлөйт эле.

Кошумчалай кетсек, “Вега” радиокуруу концерни» компаниясы азырынча Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ача элек.

Copyright © 2017 Maral FM