Биз менен байланышыңыз

Жамгырчиев: Финпол ар бир жаран менен мамиледе болушубуз керек

Пикирлер | 4 Окт 2018 | 763 | 0

Экономикалык кылмыштарга күрөшүү кызматы жеке маселелери менен кайрылган жарандарды шаршемби, бейшемби жана жума күндөрү кабыл алат. Бул тууралуу аталган мекеменин төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жарандар жеке маселелери боюнча саат 9:00-17:00 аралыгында кайрылса болот. Шаршемби күнү мекеменин төрагасы кабыл алса, калган күндөрү жетекчинин орун басарлары менен жолугушууга мүмкүнчүлүк бар.

Маалыматка ылайык, эки ай мурда Экономикалык кылмыштарга күрөшүү кызматында жарандарды кабыл алуу боюнча бөлүм ачылган.

«Келгендердин маселесин карап чыгып, чечүүгө жардам беребиз. Мамлекет башчы айткандай, ар бир жаран менен мамиледе болушубуз керек. Биздин кызмат ошол үчүн түзүлгөн. Элдин алдында жоопкербиз. Мындан сырткары коомчулук болуп жаткан коррупция, кылмыштуулук иштерин бизге кат аркылуу кабарлашса иликтөөгө жеңил болот. Убакыт үнөмдөлөт. Ал эми маалымат берген жарандын купуялуулугун сактайбыз», — дейт Жамгырчиев.

Ал маалымдагандай, Экономикалык кылмыштарга күрөшүү кызматынын ишмердүүлүгү Башкы прокуратура тарабынан көзөмөлгө алынат. Эгер мыйзам бузуу аныкталса, кызматкерлерге кылмыш иши козголот.

«Биздин жамаатан 4 кызматкерге кылмыш иши козголгон. Алардын мурдагы укук бузуулары далилденген. Азыр тергөө жүрүп жатат. Кадрларды тандоодо өзүнчө критерийлер болот. Өкмөттүн токтому менен бекителген жобо бар», — дейт Жамгырчиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM