Биз менен байланышыңыз

Ар бир оорукананын алдында камкорчулар кеңеши түзүлөт

Ден соолук | 3 Окт 2018 | 2431 | 0

Саламаттыкты сактоо мекемелериндеги коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу максатында  ар бир ооруканада камкорчулар кеңеши түзүлөт. Мындай маанини камтыган буйрукка 22-сентябрда кол коюлду. Министрликтин алдындагы байкоочу кеңештин мүчөлөрү мындай демилгени көп жылдан бери көтөрүп, ишке ашпай келгенин айтышат. Камкорчулар кеңеши түзүлсө, анда алар ошол мекемедеги каражаттын жумшалышын көзөмөлгө алып, коррупция жоюларын белгилешүүдө. Бирок ошол бул кеңеш кайра коррупциянын булагына айланарын болжоп, чочулагандар да бар.

22-сентябрда чыккан буйрукка ылайык, ар бир саламаттыкты сактоо мекемелеринде ар тармактын өкүлдөрүнөн турган камкорчулар кеңеши түзүлөт. Эми ооруканалардагы коррупциялык көрүнүштөр түздөн-түз көзөмөлгө алынат. Бул туурасында министрликтеги коррупция менен күрөш юридикалык бөлүмүнүн башчысы Индира Жумаева билдирди.

-22-сентябрда камкорчулар кеңешин түзүү боюнча иштер каралды. Кеңешти түзүүнүн максаты — коррупция менен күрөшүү. Анын мүчөлүгүнө тиешелүү органдардан, ооруканадан өкүлдөр, бейтаптардан, ар кандай уюмдардан кирет.

Бирок эл өкүлү Евгения Строкова бул кеңештин түзүлүшү кайра эле коррупцияга жол ачарын болжоодо. Ар кандай кеңештерди түзүүдө тааныш-билиш, тууганчылык, достук мамилелер роль ойноп калган учурларды көрүп келгенин айтты.

Менин коркконум, бул кеңешти түзүүдө да коррупция болбойбу деген ой. Анткени байкоочу кеңештерди түзүүдө да тууган, тааныш, дос же жөн эле кызыкчылык үчүн түзүлүп калган учурлар бар. Сырттан жакшы кабыл алыныш үчүн 2-3 кишини сырттан алып келип, калгандары кайра эле өздөрүнүн кемчиликтерин жаап-жашырган бирөө болбойбу? Идея жакшы, бирок аны жакшылап иштеп чыгыш керек.

Министрликтин алдындагы байкоочу кеңештин мүчөлөрү мындай демилгени көп жылдан бери көтөрүп, ишке ашпай келгенин айтышат. Эми камкорчулар кеңеши түзүлсө, анда алар ошол мекемедеги каражаттын жумшалышын көзөмөлгө алат. Байкоочу кеңештин төрагасы Айбар Султангазиев кеңешке мүчөлөрдү тандоо атайын комиссия түзүлгөндөн кийин ишке ашарын айтты.

-Кийинки жумадан тартып комиссия мүчөлөрүн шайлайбыз. Андан кийин кеңешке мүчөлөр тандалат. Документте айтылган ар бир критерийди сактаганга аракет кылабыз. Эч кандай тааныш-билишке жол берилбейт. Ар кайсы тармактан өкүлдөр тандалып, 15 киши болушу ыктымал.

Азырынча кеңештер 4 мекемеде; СПИД, онкология, фтизиатрия жана наркологияда ишке кирет. Кийинчерээк бардык өлкө аймагы боюнча киргизилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM