Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик мекемелер бизнес коомчулугуна сунушталат

Экономика | 3 Окт 2018 | 1686 | 0

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду электрондук сатып алууга өттү. Учурда кагаз түрүндөгү билдирмелерди кабыл алуу токтотулду.  

Мамлекеттин карамагындагы мүлктү натыйжалуу башкаруу  үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду электрондук сатып алууга өттү.  Эми алыскы райондо туруп деле жер тилкесин же мамлекеттик объектини ижарага алуу тууралуу келишимдерди интернеттин жардамы менен түзүүгө болот. Автоматташтырылган форматта келишим түзүү үчүн юридикалык жактарда электрондук кол тамга, ал эми жеке жактарга – биометрикалык паспорт жана окурман керек.  Бул тууралуу аталган фонддун төрагасы  Ренат Түлөбердиев төмөнкүлөрдү белгиледи.

10-октябрдан баштап электрондук соода аянтчасын ишке киргизип жатабыз. Буга чейин аукциондор биздин фонддо өтүп, кайрылуулар кагаз түрүндө  келип турчу. Эми тартип өгөрдү. Аукционго катышуу үчүн алыскы аймактардан келүүнүн кажети жок. Интернет аркылуу гана жөнөтсө болот. Бул жол киреге кеткен каражатты кыскартат. Ошондой эле аукциондун ачык айкын өтүүсүн камсыздайт.

Бүгүнкү күнү мамлекеттин карамагында иштеп жаткан 99  жана 700 иштебеген мекеме бар.  Алардын ичинен мамлекетке киреше алып келбеген объектилерди мүлк фонду бизнес коомчулугуна сунуштаганы турат. Ал үчүн  долбоор даяр болду. Түлөбердиевдин кабарлашынча бул имараттарга жарык жана эң керектүү байланыштар жеткирилген. Эми өкмөт аппараттынын кароосуна жөнөтүлөт.

Азыр бир нече объектилер даяр болду. Бул жерде имараттар жана жер аянтчалары бар. Бул мүлктөр боюнча биз азыр сунуш даярдап жатабыз. Өкмөттүн кароосуна киргизебиз. Бекитип берсе эле сунушту жалпы ишкерлерге тааныштырабыз. Анткени биздин турган имараттарды жана жер аянчыларын кирешелүү кылып таза иштеткенге биз дагы кызыктарбыз.

Бирок азырынча сунуштун өзөгү коомчулукка айтыла элек. Анткен менен мамлекеттик ишканаларды сырттан келген инвесторлорго тыйынга бергендин ордуна, атамекендик ишкерлерге сунушталып жатканы жакшы жышаан экенин экономист Эркин Абдразак айтат.  Себеби, пайдасыз жаткан жерлерге бүгүнкү күнү ишкерлер кызыктар деп, айрым тобокелдиктерди дагы эске салды.

Азыркы сунушталып жаткан концепцияда жакшы жышаан байкалып турат. Биздин мүлктөр четтен  келген инвесторлорго берилгенден көрө, өзүбүздүн атамекендик ишкерлерге кеткени жакшы болмок. Бирок башка маселе, берилген мүлктөргө кепилдик барбы? Акчасын салган ишкерден имарат же жер тилкелери бийлик алмашкан учурда тартып алынбайбы? Ушул жагына көбүрөөк көңүл буруу керек.

Мындай жагдайларды эске алганда ишкерлерде ишеним өтө төмөн. Анткени буга чейин чоң демилге менен чыккан»Мамлекеттик жеке өнөктөштүк» жана «Эркин экономикалык аймак» сындуу долбоордордон жыйынтык болгон эмес. Ошондуктан ишкерлер мүлк фондунан келечектүү сунушту күтпөй турганын биздин редакцияга ЖИА Бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров айтып берди.

 Эскерте кетсек, буга чейин мамлекеттик мүлктөрдүн кирешелүүлүгүн арттыруу боюнча анализ жасалган. Анын жыйынтыгында мамлекетке пайда алып келбеген мекемелердин тизмеси түзүлүп, иш пландар түзүлгөн болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM