Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда сарайдагы өрттөн өлгөн адам киши колдуу болгон

Кыска кабар , Сүрөт | 3 Окт 2018 | 1269 | 0

Жалал-Абадда сарайдан чыккан өттө күйүп кеткен жарандын денесин табылган. Кийинчерээк милиция анын киши колдуу болгонун аныктады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы кабарлады.

2018-жылы  27-сентябрга караган түнү саат 02.00 чамасында, Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл аймагынын Ак-Терек участкасынын 1956-жылы туулган кошунасынын үйүнүн короосундагы сарайдан чыккан өрттөн улам күйүп, каза болгон. Бул окуя Базар-Коргон РИИБне  «өрт кырсыгы» катары катталып, өлүмдүн жана өрттүн себептерин аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар  дайындалган.

Бирок милиция кийин бул факты жөн гана өрт кырсыгы эмес, күйүп кеткен жаран киши колдуу болуп өлгөнүн аныкташты. Кылмышка шектүүлөр ошол эле айылдын тургундары, Калбатыр жана Мунира аттуу жалгыз бой аял кармалып, жасаган кылмышын бир топ далилдердин негизинде мойнуна алган.

Факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде иш козголуп, кылмышка шектүүлор тергөө абагына киргизилди.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM