Биз менен байланышыңыз

Президент ТҮРКСОЙдун башкы катчысына «Данакер» орденин тапшырды

Кыска кабар | 3 Окт 2018 | 801 | 0

Бүгүн, 3-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Дусанбай Касеиновго «Данакер» орденин тапшырды.

Жээнбеков ТҮРКСОЙдун башкы катчысына 2018-жылды Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялагандыгы жана кыргыз жазуучуларынын жана акындарынын китептерин басып чыгаргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

ТҮРКСОЙдун башкы катчысы ноябрь айында Японияда Кыргызстандын элчилигинин көмөктөштүүсү менен Айтматовго арналган иш чаралар өтөрүн кабарлады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM