Биз менен байланышыңыз

Ормон уулу: Президенттин БУУдагы аракети «жиликтенбей» калды

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Окт 2018 | 737 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасынан айткан сөздөрү, ажонун бул аракети «жиликтенбей» калып кетти. Мындай пикирин “Сереп” изилдөө институнун жетекчиси Икендер Ормон уулу “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, президент көтөргөн маселелер коомчулукка жеткиликтүү деңгээлде маалым болбой калган. Муну менен эксперттер да, журналисттер да чабалдыгын көрсөтүшкөн.

— Ажо бир дүйнө, журналисттер бир дүйнө болуп калды. Президент экологиялык, терроризм жана башка маселелерди дүйнө коомчулугу менен бирге чечүүгө кызыктар экенин айтып, Кыргызстан парламенттик система аркылуу өнүгөрүн белгиледи. Дүйнөлүк коомчулук анын «Өнүгүү парламенттик жол менен экенине ынандык» деген сөзүнө карап Кыргызстанга баа берди деп ойлойм.

Ал ар бир лидерде айтканы менен кылганы дал келбеген учурлар кездешерин, бирок бул көнүмүш адаттан арылуу зарыл экенин белгиледи. Анткени азыр берилген убадалар менен аткарылган жумуштарды салыштырып кароого кеңири мүмкүнчүлүк бар.

— Эл аралык репутация аткарылган жумуштарга каралып калды. Парламент өзүнүн күчтүү бутагын билип ошого жараша иштесе, жалпы баалуулуктарын өз талаасында алып кеткен түшүнүк болмок. Парламентте да, күч түзүмдөрүндө да мүчүлүштүктөр бар. Аны тана албайбыз.

Ормон уулу кошумчалагандай, БУУ канчалык сынга алынса да эл аралык маселелерди талкуулоодо альтернативасы жок уюм. Ал аркылуу мамлекеттеги көйгөйлөрдү дүйнө коомчулугуна жеткирүүгө, коомдогу маселелерди чечүү боюнча сунуштар менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.

— БУУнун алкагында Кыргызстан көп нерселерди алып келди. Алсак, 500 млн долларга жакын жардам алган. БУУну маанилүү көрбөсөк бул жардам болбой калышы мүмкүн эле.

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков АКШнын Нью-Йорк шаарына иш сапарынын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясынын жалпы дебаттарынын расмий ачылышына катышкан.

Анда Жээнбеков сөз сүйлөп, Кыргызстан 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин көрсөткөнүн жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM