Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаар» келерки жылы толук ишке кирет

Кыска кабар | 2 Окт 2018 | 685 | 0

«Коопсуз шаар» долбоору 2019-жылдын 1-январында толугу менен ишке киргизилет. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев жергиликтүү радиолорго берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруучу «Вега» орусиялык компаниясы менен келишим түзүлсө, жыл аягына чейин техникаларды орнотуу ишин аяктоо пландалууда. Ал эми келерки жылдын башынан тарта долбоор толук ишке кирет.

Эске салсак, «Вега» «Радиоуктуруу концерни» орусиялык компаниясы «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча биринчи лотто 1,125 млрд сом сунуштаса, экинчи лот боюнча 1,195 миллиард сом сунуштаган. Аудитордук текшерүүдөн кийин компания каражатты кепилдик взнос катары которуп берүүгө тийиш болот.

Copyright © 2017 Maral FM