Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Индонезиянын президентине көңүл айтты

Кыска кабар | 1 Окт 2018 | 786 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Индонезиянын Сулавеси аралында болгон цунаминин кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Индонезиянын президенти Жоко Видодого көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Кубаты 7.5 баллга жеткен жер титирөөдөн улам цунами пайда болуп, Индонезиянын Палу жана Донгалле шаарларын каптаган. Reuters агенттигинин билдиргенине караганда, акыркы маалымат боюнча набыт болгондордун саны 400гө жетти.

3 метр бийиктиктеги толкундар жээктеги шаарды дээрлик талкалап салган. Бир дагы бузулбаган имарат калган жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM