Биз менен байланышыңыз

Акматалиев: Мугалимдердин статусун көтөрүү зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 732 | 0

Педагогикалык кадрларды даярдоо эң көйгөйлүү маселе болуп калды. Мындай пикирин саясат талдоочу Алмаз Акматалиев “Марал” радиосунда өткөн тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, жалпы республикалык тестирлөөдөн начар балл алгандардын баары педагогикалык адистиктерде окуп жатышат. Бул маселени чечүү үчүн мугалимдердин статусун көтөрүү зарыл.

«Алардын айлык акысын 30 миң сомго көтөрүп койсок, баары мугалимдик кесипти тандашат. Эмне үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы иштебейт? Коомчулукка ачылышса гана алардын түйшүгүн түшүнө баштайбыз», — дейт Акматалиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM